Бүгүн, 23-октябрь саат 20:00гө карата коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы медициналык жайларда 307 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Тизмеде:
Инфекциялык ооруканада - 191;
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында - 5;
Улуттук фтизиатрия борборунда - 4;
Темир жол ооруканасында - 3;
Улуттук хирургия борборунда - 6;
Улуттук госпиталда – 30;
№1 шаардык клиникалык ооруканасында – 6;
Эне жана баланы коргоо борборунда - 18;
Кардиология жана терапия улуттук борборунда – 24;
Онкология жана гематология улуттук борборунда - 5;
№2 клиникалык төрөт үйүндө - 15.