Израилде өкмөткө каршы митинг карантиндин эрежелерине ылайык өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Тель-Авивдеги Ицхак Рабин аянтында 5 миңдей адам нааразычылык акциясына чыгышкан. Митингдин катышуучулары коронавируска байланыштуу карантиндин эрежесине ылайык, ар бири 2 метр аралыкты сактап тизилишкен.
"Кара желектер" кыймылы тарабынан уюштурулган митингде "Ликуд" жана "Кахоль Лаван" партияларынын ортосундагы коалициялык сүйлөшүүлөргө каршы чыгышкан. Митингчилер премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана парламенттин төрагасы Бени Ганцтын сүйлөшүүлөрүн токтотууну талап кылышып, 2 саясатчыны израилдик демократиянын кыйратуучулары деп аташты", - деп жазылат маалыматта.