Калктын аз камсыз болгон жана аярлуу делинген катмарындагы жарандарга жардам берүү үчүн 122 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны айтылганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Калктын социалдык жактан аз камсыздалган катмарына колдоо көрсөтүү боюнча иш ыкчам жүргүзүлүп, ар бир муктаж үй-бүлө жардамсыз калбашы керек. Жакын арада чыккан өкмөттүн чечими менен 122 миллион сом калктын аяр катмарын колдоого алуу үчүн бөлүнүүдө. Бир үй-бүлөгө 800 сомдук азык-түлүк топтому даярдалат. Учурда аларды жеткирүү маселеси каралууда.
Бүгүнкү күндө ооруну жуктуруп алуу кооптуулугу дале байкалууда. Күн сайын оору жуктуруп алгандар катталууда. Мен жарандарды обочолонуу эрежелерин жана кыймылды чектөө талаптарын сактоого чакырам", - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
Жыйындын жүрүшүндө медициналык кызматкерлердин COVID-19 жуктуруп алуусуна, медициналык кызматкерлерге карата кошумча төлөмдөргө, алардын жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалышына тийиштүү коомдо көтөрүлүп жаткан маселелер талкууланды.