Кытай окумуштуулары коронавируска каршы иштелип жаткан вакцина маймылдарга болгон сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, вакцина маймылдардын организмин антителаларды иштеп чыкканга мажбур кылган. Аталган антителалар коронавирустун 10 түрүнө туруштук бере алат.
"Бул вакцинанын чоң жана кичине көлөмү маймылдарды кичине же толугу менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алуудан коргогон" деп жазылат маалыматта.
Эми белгилүү убакыттан кийин аталган вакцина өз ыктыяры менен сыноого катышкысы келген адамдарга сайыла баштайт. Окумуштуулар алар иштеп чыккан вакцина адамдын организмине да жакшы таасир этип, эпидемияны токтотууга жардам берет деп ишенишет.