АКШ коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

АКШ коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча вирустун очогу болгон Кытайды ашып өтүп, дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул маалымат коронавирусту жуктуруп алгандар, андан каза болгондор жана айыккандар тууралуу онлайн көрсөтүлгөн сайттан алынды.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда коронавирус оорусун 85 миң 653 адам жуктуруп алган (Кытайда 81 миң 782 адам). Аталган өлкөнүн Нью-Йорк шаарында эле вирусту 30 миңден ашык адам жуктурган. Өлкөдө вирус менен ооругандар күн санап, өтө тездик менен көбөйүп жаткандыгын жана жуктуруп алгандар АКШнын бардык 50 штатында катталганын президент Дональд Трамп билдирген.

Буга чейин коронавирус пандемиясын дүйнө жүзүндө жарым миллиондон ашык адам жуктурганы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aktan2018
2020-03-27 12:43:30
Акш биздин тесттер абдан кучтуу деп айтканы бар.а бизде озубуз барып тесттен откондо болбойт.
+1
Jelezo
2020-03-27 13:03:16
Америка бардыгы жагынан биринчи.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан