UFC 249 турнирине катыша турган мушкерден коронавирус аныкталды

Америкалык 34 жаштагы UFC мушкери Лайман Гуд жаракат албай эле, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыктан UFC 249 турнирине катышуудан баш тарткан. Бул тууралуу мушкер америкалык басылмаларга бергенде берген маегинде билдирди.

"Мен бул турнирге машыгуу учурунда жаракат алып калдым деп катышуудан баш тарткам. Бирок, чындыгында менден коронавирус инфекциясы аныкталган. Мен көптөгөн жаракаттарды жана башка ооруларды көтөрүп чыккам. Мен дагы профессионал спортчулардай эле денеме кам көрчүмүн. Ошентип, мен денемден кандайдыр бир ката кетирип алдым", - деп билдирген мушкер.

Лайман Гуд UFC 249 турниринде өзүнүн жердеши, 31 жаштагы Белал Мухаммадке каршы беттешмек. Мушкер бул турнирге жаракат алып калдым деп, катышуудан баш тарткан.

18-апрелге пландалган UFC 249 турнири коронавирус пандемиясынан улам белгисиз убакытка жылдырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан