Өлкөдө коронавирус туу чокусуна жетип, басаңдай баштадыбы? Министрликтин жообу

Бүгүн, 24-апрель күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берүүдө.

Жыйын учурунда Үсөнбаев элди кызыктырган суроолорго жооп берди. "Коронавирустун күчөгөн маалы 23-24-апрелге туура келет деп айттыңыздар эле. Коронавирус эпидемиясы мындан ары азаябы?" деген суроо узатылды.

Ага министрдин орун басары: "Өлкөдө коронавирус өтө бийиктеп кеткен учур катталган жок. Биздики стабилдүү келип жатат. Туу чоку деп айтууга эрте, жуманын аягында дагы байкоо жүргүзүп, жакынкы аралыктагы жыйынтыктардан улам чечим чыгарсак болот. Бирок мурункуга салыштырмалуу азаюу башталганы сезилүүдө", - деди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Izana
2020-04-24 15:50:01
Азайсынчы деги
0
filis
2020-04-24 23:58:24
Тынчылык эле болсун Тениримден.
-2
Aktilek.kg.98
2020-04-25 01:24:09
Коранавирус жоок бул жон эле чон саясат деп ойлойм.
+2
color-style
2020-04-25 03:53:53
Министр эмне дешин деле билбей туру...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан