Акыркы бир сутка ичинде борбор калаада коменданттык сааттын эрежесин 43 адам бузду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Бишкек шаары боюнча коомдук коопсуздук кырдаал туруктуу жана көзөмөлгө алынган. Бишкек шаарында акыркы сутка ичинде 43 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузду. Алардын ичинен 39 эркек жана 4 аял. Өзөчө абал киргизилгенден бери жалпысынан тартип бузгандардын саны 2 миң 362 адам. Анын ичинен эркектер 2 миң 52, аял кишилер 310", - деп билдирди Алмазбек Орозалиев.