Дагестанда медайымдарды шейшеп коюлган бөлмөдө дарылашкан

Дагестандын Дербент шаарындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө медайымдарды шейшептер коюлган бөлмөдө дарылашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Интернет айдыңына Дербент шаарындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө медайымдардын шейшептер коюлган бөлмөдө тамчылатма дары алып жатышканын чагылдырган видео тараган.

Шаар башчысы Хизри Абакаров видео тараган соң териштирүү жүргүзүп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси кызматтан кеткендигин жана инфекционист жана башкы дарыгердин орун басары сөгүш алганын билдирген. Анын айтымында, аталган бөлүмдөгү медайымдар өздөрүн жаман сезип баштагандыктан, алар үчүн ушундай "өзгөчө" палатаны уюштурушкан. Бактыга жараша, медайымдардан коронавирус табылган эмес жана учурда алар атайын палатага которулган.

Дагестанда ооруган медайымдарды шейшептер салынган жайда дарылашкан
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZHYRGAL.balalaika
2020-04-23 20:17:33
Акмактар күлгөндөрү акмакчылык болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан