Чехияда коронавирус эпидемиясына байланыштуу март айынын ортосунда киргизилген карантин токтоду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чехиялыктар эми 24 саат бою кайрадан ээн эркин жүрө алышат. Өкмөт 10 кишиге чогулууга уруксат берди. Чет өлкөгө чыгып келгенге дагы болот. Бирок келгенден кийин 2 апта карантинге жатуу керек. 27-апрелден тарта соода борборлорунда жайгашпаган аянты 2 миң 500 чарчы метрди түзгөн дүкөндөр ишин баштайт. Буга чейин чектөөлөр майдын аягында алынат деп болжолдонгон болчу.
Башка ишкана, кафе, ресторандарга болгон чектөөлөр да акырындык менен алынары айтылууда. Айта кетсек, Чехия Европа өлкөлөрүнөн алгачкылардан болуп катуу чектөөлөрдү киргизген.