Акыркы бир суткада өлкөдө пневмониядан 23 бейтап каза болду

Өлкөдө пневмония менен жабыркап жаткан (COVID-19 тастыкталбаган) стационардагы бейтаптардын саны бүгүнкү күнгө карата 1 миң 724 болду. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Дарыланып жаткандардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 112, оор абалдагылар 337 адам.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде пневмониядан 23 бейтап каза болуп, жалпы саны 120га жетти.

Республика боюнча 2 миң 508 адам пневмония менен жабыркап, алардын ичинен 664ү айыккан.

Ал эми коронавирустан республика аймагы боюнча 76 адам кайтыш болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Arstan18.18
2020-07-03 10:36:48
Пневмониядан дебей эле коронавирустан десечи? Талап кетпегиле маанисин тушуноюн дейм
+2
kuttubekuzgen
2020-07-03 10:54:12
Вирус тастыкталбаса анда бизде тесттер начар экен.
+1
Nur777
2020-07-03 11:21:44
Пневманиянын да таблицасын чыгарат окшойсунар Супер,кундо канча киши ооруп,айыгып каза болуп атканын жазып,жогорудагы коронавирустукундай кылып..
+2
urmat94
2020-07-03 11:30:08
Пневмонияны мен тушунбойтам ал кандай оору? билгендер жазып койгулачы
+2
sainazarov0555
2020-07-03 11:35:15
urmat94,Пневмония (грекче pne'umon – өпкө), өпкөнүн сезгениши – өпкөнүн инфекция пайда кылуучу өз алдынча же башка дарттардын кабылдоосу катары пайда болуучу оорусу. Аны бактерия (пневмококк, стрептококк, стафилококк) жана вирустар (аденовирус, грипп) козгойт.
+1
bond02
2020-07-03 11:42:04
Калп!!!
-5
kechirmeni
2020-07-03 11:47:06
Пневмания-бул опконун сезгенуусу, грипп отушуп кетсе да пневмание болот, ал эми азыркы пневманиелер ковид отушуп кеткенде пайда болуп атат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан