"Калктын канча пайызы коронавирус инфекциясы менен жабыркаганын аныктоо үчүн иммуноферменттик изилдөөлөр жүргүзүлүүдө" дейт министрликтин өкүлү

Бүгүн, 24-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди. Анда "Элдин канча пайызы коронавирус инфекциясын жуктуруп алган? Расмий статистикага кирбей калгандар барбы?" деген суроого Акматова төмөндөгүдөй жооп берди.

"Бүгүнкү күнгө карата илдет жалпы 31 миң 247 адамга жайылганы тастыкталды. Бул калктын санынын 0,5 пайызын түзөт. Албетте, калктын арасында коронавирус инфекциясынын белгилери байкалбай өтүп жаткандар бар. Алардын арасында өздөрүн жакшы сезген бейтаптар медициналык жардам алууга кайрылган эмес. Мындан улам калктын канча пайызы ооруп жатканын аныктоо үчүн иммуноферменттик изилдөөлөр жеке лабораторияларда (уруксат берилген) жүргүзүлүп жатат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Саламаттыкты сактоо министрлигинде чогултулуп, такталып, илдеттин жайылышы кандай өсүп жатканы боюнча маалымат берилет.

Мындай изилдөөлөр өлкөнүн аймактарында дагы жүргүзүлө баштады", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-24 11:46:30
100 эсе коп деп элестете бергиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан