Бүгүн, 25-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу кезектеги онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында Ош облусу боюнча сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган 2 гана жаран кармалганы айтылды.
"Алар райондук ички иштер башкармалыгына алып барылып, протокол түзүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди. Мындан тышкары аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү" , - деди комендант.