Бразилияда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 37 миңден ашты

Бразилияда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 685 миң 427ге жетти. Мындай статистика өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ачылган жаңы сайтка жарыяланды. Сайтта сутка ичиндеги көрсөткүч боюнча маалымат берилбей, жалпыланган гана маалымат берилерин чет элдик булактар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, министрликтин сайтында өлкөдө жалпы 685 миң 427 жарандан инфекция аныкталса, илдет катталган күндөн бери жалпы 37 миң 312 бейтап каза болгон. Буга чейин Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги инфекциянын жайылышы боюнча жаңыланган маалыматтар жарыяланган сайттын ишмердүүлүгүн токтоткон. Буга өлкөнүн эпидемиологиялык абал тууралуу маалыматтарды кеч берип жатат деген сынга кабылуусу себеп болгон деп жазышат чет элдик маалымат каражаттары.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан