Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мекеме 1-майга чейин жабылды

Бүгүн, 26-апрель күнү өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 5 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын билдирген. "Алардын арасында Бишкек шаарында катталган 3 медицина кызматкери №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда мобилдик бригадада иштеген кызматкерлер болгон. Алар коронавирус илдетин жугузган жана алар менен байланышта болгон жарандар менен иштешип кепген. Учурда медицина кызматкерлерине тийиштүү дарылоо жүргүзүлүүдө", - деген Үсөнбаев. SUPER.KG порталы №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун кабылдамасына чалып, мекеменин жабылганы тууралуу маалымат алдык.

"Мекеме бүгүндөн баштап карантинге жабылды. 1-майга чейин иштебейт", - деп билдирди аталган мекеменин өкүлү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
filis
2020-04-26 16:15:44
Тынчылык болуп, эч ким оорубай, Тенирим колдоп турсунчу.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан