Өткөн жекшембиде Швециянын борбору Стокгольмдогу бир катар мейманкана көзөмөлгө алынды.
Шаардагы беш ири мейманкана коронавирус инфекциясын чектөө боюнча өкмөттүн токтомуна ылайык мыйзамдардын нормаларын бузуп иштеп жаткандыктан, аталган мекемелер жабылууга аргасыз. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Бул бир эле мейманканаларга эмес, ачык асман алдындагы ресторандарга жана башка имараттардын көпчүлүгүнө тиешелүү" деп билдирген Стокгольмдун жаратылышты башкаруу бөлүмүнүн башчысы Питер Браденмарк.
Азырынча Швеция башка көптөгөн өлкөлөрдөн айырмаланып, ресторан жана башка тамактануучу жайларды жаба элек. Бирок анда коноктор бири-бирине өтө жакын отурбай аралыкты сактоосу шарт. Эгер андай болбой калса, бийлик ресторандарды жабууга буйрук бериши мүмкүн.
Швециянын борборунда ишемби күнү 25 мейманкана текшерилип, анын бешөөнү жабууга өкмөт буйрук берди.
Швеция башка европалык мамлекеттерден айырмаланып, коронавирус менен күрөшүүдө башкача стратегияны тандап алышкан. Буга чейин өлкө бийлиги тоталдуу карантиндин кереги жок деп жар салган. Анткени алардын пикиринде инфекцияны жалпы эмдөө жолу менен же жакшы иммунитетке ээ болуу аркылуу жеңсе болот.