Коронавирус кадимки инфекциялык оору, аны менен күрөшүп жеңсе болот. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Маалымат жыйында министр Кыргыз өлкөсүндө үч жаран коронавирус жуктуруп алганын айтты.
"Биздин лабораториялар бардык жактан тастыкталып, эл аралык стандарттарда иштейт. Жарандардан суранып кетет элем. Коронавирус жуктурган мамлекеттерден келсеңер, сөзсүз билдиргиле. Кытай тартип менен жеңди. Биз дагы дүрбөлөңгө алдырбай, тартипти, жеке гигиенаны сактасак жеңебиз. Ар бир адам ден соолугун караш керек. Зарыл болбосо, көп адамдар жүргөн жерге барбоо кажет. Балдарды эч жакка жибербестен үйдө кармоо зарыл. Бизде бардык дары-дармектер бар. Дарыгерлер жана ооруканалар даяр", - дейт министр.