АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды коронавирус тууралуу маалыматты жашырган деп айыптап, келтирилген залака үчүн миллиарддаган суммадагы компенсация талап кылышы мүмкүн экендигин айтты. Бул тууралуу өлкө башчысы Ак Үйдө 27-апрелде берген брифинг учурунда билдирген.
"Биз Кытайга нааразыбыз. Болуп жаткан окуяларга көңүлүбүз чөгүп турат, анткени вирус жаңыдан гана тарап жаткан маалда аны токтотуп калуу мүмкүн болчу. Аны өз учурунда токтоткондо ал дүйнө жүзүнө тарабайт эле", - деп билдирген Трамп.
Айта кетсек, президент 23-апрелде брифинг учурунда коронавирусту дарылоо үчүн дезинфекция кылуучу каражаттарды ичүүнү сунуштаган. Көп өтпөй бул жөн гана тамаша экенин айткан.
Буга чейин Вашингтон Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун каржылоону токтоткон. Трамптын билдирүүсүнө ылайык, бул чара пандемиянын жайылып кетишиндеги кетирген катачылыктар толук иликтенип бүтмөйүнчө күчүндө калат.