Бүгүн, 28-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жана Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев онлайн маалымат жыйын берип жатышат. Анда облус аймагындагы акыркы абал тууралуу маалыматтар айтылууда.
Коменданттын айтымында, сутка ичинде 6 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузган. Ал эми жалпы облус аймагында 39 адам коронавирусту жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.
"Ат-Башы районунда бүгүн 5 адам вирустан сакайып, үйлөрүнө чыгып жатат. Жалпы айтканда, облус аймагында ооруган 88 адамдын ичинен 39 адам илдеттен айыкты.
Акыркы сутка ичинде Нарын облусунда 7 кылмыш фактысы катталды. Алардын арасында резонанс жараткан кылмыштар болгон жок. Ал эми коменданттык сааттын убагында тартип бузган 8 жаран болду. Алардын алтоо Ат-Башы районунан болсо, экөө Нарын шаарынан. Ал жарандарга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деди комендант.