Өлкөдө COVID-19га чалдыккандар үчүн ооруканалардагы орундарды көбөйтүү иштери күнүгө жүргүзүлөт. Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында берди.
"Калк арасында терс маанай жараткан жана дүрбөлөң түшүргөн такталбаган маалыматтар өтө ыкчам тарап жатат. Ооба, белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алсак, бейтаптар үчүн орундар ыкчам толуп калууда. Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн биз жана дарыгерлер бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деди Кубатбек Боронов.
Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жатаканаларында 500дөн ашуун орун бар.
Жыйында дары-дармектердин баасы боюнча дагы маселе талкууланды.
"Бүгүнкү күндө актуалдуу маселелердин бири – бул дары-дармектердин баасы. Көптөгөн дарыканалар суроо-талап жогору дары каражаттарынын бааларын кескин көтөрүп жиберишти. Буга жол берилбеши керек. Бааны негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азыр адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктан пайда издебей, жардам бере турган учур", - деген өкмөт башчы. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга фармацевтикалык базардагы абалды көзөмөлдөөнү тапшырды.