Бүгүн, 29-апрель саат 10:00гө карата дагы 21 жаран коронавирус илдетинен арылып, ооруканадан үйлөрүнө чыгышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 9;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3;
Нарын облусу – 5.
Айыккандардын саны жалпы 437ге жетти.