Нарындагы көчмө лабораторияда жалпы 1 миң 179 анализ жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алиаскаров брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, көчмө лабораториянын келиши менен тапшырылган тесттердин жыйынтыгы 1 сутка ичинде чыгып жатат.
"Мурун анализдерди Бишкекке ташысак, азыркы тапта көчмө лаборатория анализдердин жыйынтыгын чыгарып жатат. Жалпы облус боюнча 2 миң 652 ПЦР-анализи алынган, алардын ичинен 1 миң 179у көчмө лабораторияда жасалган", - деди Алиаскаров.
Көчмө лаборатория 23-апрелден тарта иштей баштаган.