Футбол боюнча Франция чемпиондугу мөөнөтүнөн мурда аяктады

Коронавирус пандемиясынан улам футбол боюнча Франция чемпиондугу (Лига 1) мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Эдуард Филипп улуттук жыйында билдирген.

"Сентябрь айына чейин ири спорттук иш-чаралар өткөрүлбөйт. Спорт сезону кайра улантылбайт", - деген премьер-министр.

Өлкөнүн чемпиондугунда 68 упайы менен "ПСЖ" командасы биринчи орунда. 56 упайы менен экинчи орунга "Марсель" командасы жайгашса, 50 упайы менен "Ренн" командасы үчүнчү орунга жайгашкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 169 миң 53 адамдан коронавирус аныкталды. 23 миң 694 адам каза болсо, 47 миң 775 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан