Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өлкөдөгү экономикалык абал жана антикризистик чаралар тууралуу маалымат берди. Вице-премьердин онлайн маалымат жыйыны бүгүн, 17-апрелде Өкмөт үйүндө өттү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында ачылган атайын эсепке учурда 129 миллион сом түштү. Анын 38 миллион сому комиссиянын чечими менен медицина тармагынын кызматкерлерине кошумча каражатты берүүгө бөлүп берилди.
Атайын ачылган эсептерге түшкөн каражаттар кайсы тармакка, эмнеге сарпталып жатканы боюнча ачык-айкын маалыматтар берилет деди Эркин Асрандиев.
Каражаттан тышкары чет өлкөлөрдөн азык-түлүк, медициналык каражаттарды алуу дагы каралган. Бүгүнкү күндө Казакстан тарап ун, Түркия тарап медициналык бет каптар, каражаттарды алуу сүйлөшүлгөнүн кошумчалады вице-премьер министр.
Казакстан менен 5 миң тонна ун алуу боюнча сүйлөшүлгөн, жакынкы күндөрү ундар өлкөгө алып келинет.
"Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө KfW Германия өнүктүрүү банкы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн өлкөгө 30 миллион долларды кайра багыттоого макул болду. Ошондой эле 30 миллион АКШ долларын Европа инвестициялык банкы коммерциялык банктар менен кызматташуу аркылуу бөлүүгө ниеттенүүдө", - дейт вице-премьер-министр.
Эркин Асрандиев: "Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан Кыргыз мамлекетине COVID-19 менен күрөшүү үчүн 3 миллион доллары өлчөмүндө грант берүү маселеси каралууда".
"Өнүктүрүү институттары менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө ылайык, жалпы 456 миллион доллар каражат алынат. Бул суммага буга чейин эл аралык валюта фондунан алынган 120 миллион доллар дагы кирет. Бул каражаттар маянага, гуманитардык жардамдарга жана социалдык төлөмдөргө жумшалат.
Эл аралык валюта фондунун аткаруу кеңеши 120 миллион доллардан ашуун каражатты берүүнү жактырды, бул Кыргыз Республикасынын квотасынын 50%ын түзөт. Муну менен катар бюджеттин түшпөй калган бөлүгүн жабуунун зарылдыгын эске алуу менен Эл аралык валюта фонду республикага кошумча жардам катары 120 миллион 900 миң көлөмүндөгү АКШ долларын берүүгө ниеттенүүдө", - дейт Эркин Асрандиев.
"Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 пандемиясына банктын жооп кайтаруусунун жаңы терезесинин алкагында Кыргыз өлкөсүнө үчүн 50 миллион долларды бюджетти колдоо үчүн берүүгө даярдап жатат. Буга кошумча Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы Кыргыз Республикасын колдоо үчүн иш-аракеттер саясатынын же башка насыялоонун негизинде максаттуу насыялоо аркылуу кошумча каржылоо жөнүндө маселени карайт. Муну менен катар Азия өнүктүрүү банкы ден соолук үчүн пандемия кесепеттерин жеңилдетүү боюнча өлкөнүн дараметин жакшыртуу үчүн жардам көрсөтүү максатында өзгөчө долбоордук жардам түрүндө 20 миллион доллар мобилизациялайт".
"Дүйнөлүк банктан 12 миллондон ашуун доллар алуу жөнүндө келишимге кол коюлган жана аны ратификациялоо тууралуу тиешелүү мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды", - деди вице-премьер-министр.