"Министрлик такси кармап өзүңөр келе бергиле деди". Түштүк жергесине кеткен дарыгер Бишкекке жол киресин өзү төлөп келгенин айтат

Мындан 1 ай мурун түштүк жергесине коронавирус менен жабыркагандарды дарылоого дарыгерлер тобу жөнөп кетишкен. Азыркы тапта жардам берем деп кеткен дарыгерлердин биринчи кеткендери Бишкектеги үйлөрүнө кайтып келип жатышат.

Бирок жардам берүүгө кеткен дарыгерлерди кайра үйлөрүнө алып келүүнү Саламаттыкты сактоо министрлиги конкреттүү караган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына түштүк жергесинен келген дарыгер өзү билдирди.

Айтымында, дарыгерлер үйлөрүнө кайтууда кыйынчылык жаралып, кооптуу аймакта иштегенине карабай аларды алып келүү жоопкерчилигин министрлик караган эмес. Бул иштерге дарыгер нааразы экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Бизди түштүк жергесине алып барышканы го алып барышты. Баарын өзүбүз кылып, болгон тажрыйбабызды кыйынчылык учурунда көрсөттүк. Бирок бул милдет же колко кылуу эмес. Сөз бар го кадырыма күйдүм деген, ошол сыяктуу биз да кадырыбызга күйүп жатабыз. Министрлик түштүк тарапта иштеген жериңерден "накладной" жаздырып, такси кармап келе бергиле, биз жол киреге кеткен акчаны айлыгыңарга коштуруп беребиз" дешүүдө.

Аны төлөйбү, төлөбөйбү бул да суроо боюнча турат. Бизди кооптуу аймактан келе жатасыңар деп жолдо катуу көзөмөл кылышып, улам сүйлөшүп, документтерибизди көрсөтүп жатып араң келдик. Бул биз көргөн кыйынчылык, жол акыны өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк. Ал жакта калган дарыгерлердин биздей кыйынчылык көрүп келүүсүн каалабайм", - деди түштүк жергесинен келген дарыгер.

Бул окуя боюнча алдыда тиешелүү министрликтин жообу дагы жарыяланат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
gitaris93
2020-04-29 23:57:48
Тезинен министрди алмаштыргыла
+27
katerina.li
2020-04-29 23:58:32
Уяяяяят. 135 млн чогулду депатат элего министирликке
+23
muras111211
2020-04-30 00:27:19
Мен министр болуп келгенге чейин Космосбек Чолпонбаевтин убагында кеткенсинер.
Мен силерди тааныбайм дегендей кылып коюптур да анда.
Ошондой эле кеп болуптур.
+10
Bekish-
2020-04-30 00:28:54
Эртең кечирим сурабаса болду,айтса болбой өзүм келе бердим деп
+21
fora
2020-04-30 01:16:56
Бир жакшы оз ишин так аткарган чиновник барбы озу бизде чинуши блин окмотун озунчо оозун ачат Сокен бир кыймылдбай 2 жылын откорду
+14
isarti
2020-04-30 01:52:41
Бул байкуш врачты эртен жалган айттым эле дедиртип, кечирим суратып, анан оз каалоосу менен иштен кетти дешпесе болду Эми.
+12
Kultegin
2020-04-30 06:47:03
isarti,жок минздравдын башкача версиясы чыгат, анан ошентип сериал башталат акыя-акыя деген
+6
TIMON_BERKOWITZ
2020-04-30 01:53:59
Эртең экинчи бөлүмү чыгат. Кечирим суратуу агенствосунда отурса керек бүгүн.
+7
Isa2014
2020-04-30 01:58:37
Эми такси менен келсе келиптир да жол киресин төлөйбүз дешиптир го. Чымындан пил жасап жаман үйрөндүк. Ар бирөөнө бир унаа жөнөтө берсе канча акча кетет. Эртеңки күндү да ойлойлу да. Бюджетти да көрүп атасыңар өлбө жаным өлбө болуп атат. Элди да ойлогула да. Эл жегенге нан таппай жатса унаа жөнөтпөй койду деген кудайга да жакпайт го
-17
tular
2020-04-30 02:37:33
Isa2014, сен жылуу төшөктө жатып алып алдагындай коментарий жазганың туура эмесго замандаш!!!
+14
Birimdik5555
2020-04-30 14:09:44
Isa2014,Эл жегенге нан таппай жатат дейсин,чиновниктер элден алып жонотот беле акчаны же ошол жол кирени эконом кылып элге берет дейсинби чонтогуно салат да
+3
Altyn2017
2020-04-30 02:39:16
Эмне бизде Минздравта бир машине жокпу ушуларга бөлүп бергенге,уят уят ии баса баягы Мурунку Министр алган Жол тандабастар каякта баса ошонуле жибере койбойт беле.
+8
Altyn10076
2020-04-30 15:55:19
Altyn2017,Ал авто жарабай калган списание кылышкан..
+1
talaa11
2020-04-30 04:46:48
Чокусунале койгулай берсе биздин чновниктерди
+8
Guliza85
2020-04-30 05:24:50
talaa11,эмнеге чокуга койгулап атасын десе "жон эле"деппи))..тилекке каршы койгулай турган чокулары дагы жок болуп жатпайбы))
+4
bond0202
2020-04-30 07:49:53
куноо100% министирликте.дарыгерлер тобун кайра чогуу апкелип уйлоруно жонотпой обсервацияга жаткырып текшериш керек болчу
+4
Mintip-menu-suybo
2020-04-30 09:56:09
Булар чындыкты айтканды сразу иштен алышат го... Жанагы милицияны да алышыптыр иштен, чынын айткан учун... Оздору чала иш кылышат, 3 маал тамак, кийим, маска баардыгы менен камсыз болду дешет. Анысы 1 сааттык. Ошону тушундурушпойбу.Мынча саат иштесенер мынча тамак берилет деп. 24 саат иштегендерге деле башында берилген эмес...
+6
alik7482
2020-04-30 12:25:49
Алладан коркпогон немелер экен а жанынан эмес чогулган акчадан берет ко Кыргызстан качан онолот мындайда
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан