Акыркы сутка ичинде өлкөдө 25 адам коронавирустан айыкты

Өткөн сутка ичинде өлкөдө CoViD-19 инфекциясынан 25 адам айыгып, ооруканадан үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова айтты.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 8;
Ош шаары – 5;
Ош облусу - 4;
Жалал-Абад облусу - 1;
Нарын облусу - 6;
Ысык-Көл облусу - 1.

Муну менен өлкөдө коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 462ге жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-04-30 10:20:56
Ассалоому алейкум мекендештер. Бул атың очкур илдет каяктан келди өзүбүз араң жашоо кечирип жатканда бизге чооң сокку болду го.11-майдан тарта карантин бүтсө деле мага окшош жумушу жокторго жумуш жактан жардам кылгылачы өзүм Орусияга такси кылып иштечүмүн жакынкы күндөрү чек ара ачылгыдай эмес. Менчик 7 орундуу машинам бар. Жашым 35 те доставка болобу же башка болобу ишкер туугандар жумуш жактан жардам кылсаңар жакшы болмок. Үйдө 3 балам менен кыйналып калбайын.0778056854
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан