Кытайдын тышкы иштер министринин өкүлү Гэн Шуанг АКШнын президенти Дональд Трамптын Кытай коронавирусту жашырган деген сынына жооп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"АКШ алардын душманы Кытай эмес, вирус экендигин түшүнүшү керек. Ал эми жоопкерчилик маселесине келсек, вирус буга чейин адамзаттын жалпы душманы экендигин бир нече жолу айтканбыз. Кытай ошондой эле вирустун жардамчысы эмес, жабыр тарткан тарап", - деп билдирген Гэн Шуанг.
Гэн Шуангдын билдиришинче, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо кризисине карабастан, эл аралык коомчулук көйгөйдү жеңүү үчүн чогулуп, биргелешип иштеши керек.
АКШ бүгүнкү күндө коронавирус катталган өлкөлөрдүн ичинен дүйнөдө биринчи орунда турат. АКШнын президенти бул үчүн Кытайдан компенсация талап кыларын айткан.