Бүгүн, 30-апрелде Өкмөт үйүндө билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана министрдин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын берип жатышат. Анда акыркы кырдаалга байланыштуу билим берүү тармагындагы маалыматтар айтылууда. Министр жыйын учурунда видео сабактар тууралуу айтып, ал сабактарды интернеттеги ютуб каналдан да окуучулар көрүүгө мүмкүн экенин билдирди.
"Министрлик 4 багытта иштеп жатат жана сабактарыбыз ютубга дагы жайгаштырылган. Анткени ал жактан окуучу, ата-эне сабакты кайталап көрүүгө мүмкүнчүлүк бар", - деп билдирди Исаков.
Мындан сырткары министр муктаж үй-бүлөлөргө 3400 сыналгы берилгенин айтты.
"Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталгандан бери муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөгө сыналгы берилди. Билим берүү жана илим министрлиги дистанциялык окутуу башталгандан тарта аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен аларга көмөк көрсөтүлүп жатат", - деди министр.