Социалдык тармактардын бириндеги таластыктардын тайпасында көпчүлүк колдонуучулар коронавирус илдети жок деп элдин оюн экиге бөлүп жатканы айтылды. Анда бир колдонуучу өзүнүн байланыш номерин калтырып "Вирус жок, ооругандар болсо учурашып чыгам" деген билдирүүсүн дагы калтырган. Бул боюнча өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда жооп кайтарды.
"Социалдык тармактарда "коронавирус жок, ооругандар менен көрүшүп, учурашып чыкканга даярмын", айрым маалымат каражаттарында "өкмөттүн облустагы өкүлүнө президент тапшырма берип жатыптыр, анда Таласта коронавирус катталышы керек дептир" деген фейк маалыматтар тарап жатат. Мен баарына кайрылып кетейин, облус аймагында бир эле оорулуу аныкталганда канчалаган күчтөр тартылып, 212 кишиден тест алынып, чыгаша болдук. Биз ушундай нерселерден качышыбыз керек.
Илдет жок деп ишенбей жатса, ошончолук эле "баатыр" болсо келсин, мен ооруп калган бейтаптардын палатасына киргизейин, учурашып чыксын. Бейтаптар көрсөтүлгөн алгоритмдин негизинде 14 күндөн 28 күнгө чейин дарыланышат. Эгер кызыкдар болуп жатса, оорулуулардан барып сурасын. Эртең өзү ооруп калып, илдетти жайылтып жиберсе элге жооп берет.
Менин айтарым, оорубагыла, бейтаптардын дене табы көтөрүлүп кыйналып жатышат. Мындан ары дагы жалган маалыматтарды таратсаңар, укук коргоочуларга кайрылууга аргасыз болобуз", - деди Мураталиев.