"Премьер-министрдин жүзүн, жасап жаткан ишин көптөн бери көрө албай калдык", - деп бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.
"Премьер-министрдин жүзүн, жасап жаткан ишин көптөн бери көрө албай калдык. Бүгүн жыйынга чакырсак жакшы болмок. Мигранттар боюнча көп маселе көтөрүлүп жатат. Тышкы иштер министрлигинин, Миграция кызматынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн чакыралы. Кенен сүйлөшүп алалы. Ар бир депутаттарга жарандар кайрылып жатышат. Мигранттардын маселесин депутаттар микрофондон айтып коюп жатабыз. Бирок өкмөт аткарып жатабы?", - деди депутат.