Кипр мамлекети 15-июндан тартып туристтерди кабыл ала баштайт

Кипр мамлекети 15-июндан тартып туристтерди кабыл ала баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн туризм министри билдирет деп жазышат чет элдик басылмалар.

Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүүлөр коронавирус пандемиясынын шарттарындагы бардык талаптарга жооп берет. Коопсуздукту камсыз кылуу менен иштөө туризмдин 30 пайызын кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн министр билдирген деп айтылат маалыматта.

Кипр 4-майдан тартып өлкөдөгү чектөөлөрдү акырындык менен ала баштаган. Бүгүнкү күндө Кипрде коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 918ге жетсе, анын 515и айыккан. 17 бейтап каза болгон.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kona8631
2020-05-20 08:31:48
Опасный деле вирус эмес экенин билди да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан