Сутка ичинде Монголияда коронавирус менен ооругандар катталган жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде 163 адамдын тапшырган тесттеринин жыйынтыгы таза чыккан.
Монголияда жалпы 38 адамдан коронавирус аныкталган, алардын 9у айыгып чыкты. Илдеттен каза болгондор жок. Жакында эле Монголиянын аймагында алгачкы болуп коронавирус аныкталган Франциянын жараны ооруканадан чыгарылган.