Менчик жалпы билим берүүчү мекемелерине билим берүү үчүн төлөмдөрдүн баасын төмөндөтүү сунушталды. Сунуш Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилгенин бүгүн, 30-апрелде министрдин орун басары Надира Жусупбекова айтты.
Айтымында, менчик билим берүү мекемелери да онлайн режимде окутууга өткөн. Мекемеде жашап, окуган окуучулар үйлөрүнө кетишкен. Буга байланыштуу мекемелерде жашоо-турмушка керектелүүчү неселер, тамак-аш, коммуналдык кызматтар үчүн төлөөгө муктаждык жок.
"Менчик жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерине тараптар менен кеңешип, окуу үчүн төлөмдөрдүн суммасын төмөндөтүүнү сунуштадык. Мындан тышкары балдары мындай мекемелерде окуп жаткан ата-энелерге да кайрылып, алардын жетекчилери менен өздөрү көтөрө ала тургандай сумманы чечишип алышын айттык. Анткени азыркы учурда бардык эле жарандар жетиштүү акча табууга жумуш токтоп турат", - деди Жусупбекова.