Бүгүн, 30-апрелге карата өлкөдөгү стационарларда 276 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Оорулуулардын эң көбү Бишкек, Чүй, Ош жана Нарындагы стационарларда. Мындай статистика Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.
Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 244 жарандан коронавирус аныкталган. Анын 112си айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы экөө (бири Бишкекте, экинчиси Чүйдө) каза болду. Калган 130 бейтап дарылануусун улантып жатат.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 274. Анын ичинен 124ү облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 103ү айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 18 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 13, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 1, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 4) стационарларда калууда.
Ош шаарында 150. Анын 88 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда калгандар 59 (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 40, облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында 19).
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 114. Бүгүнкү күндө анын 99у айыгып, 15 бейтап стационарларда калууда. (Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында 7, Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында 2, Сузак райондук аймактык ооруканасында 5, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 1).
Нарында жалпы 95. Анын ичинен 45 жаран сакайып, 50 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 6, Кочкор райондук аймактык ооруканасында 2, Жумгал райондук аймактык ооруканасында 3, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 39).
Ысык-Көлдө жалпы 10. Анын 9у оорудан айыгып, медициналык жайдан чыгарылса, 1 бейтап Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканада дарылануусун улантууда.
Баткен облусунда жалпы 9. Анын ичинен 6 жаран айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, Кадамжай районундагы аймактык ооруканасында 3 бейтап дарыланып жатат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.