4-июлга карата өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

Өткөн суткада республика боюнча дагы 327 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды.

Сутка ичинде илдет аныкталгандардын ичинен 71и медициналык кызматкер.

COVID-19 илдетинен айыккандардын саны бүгүнкү күнгө карата дагы 59 адам менен толукталды.

Акыркы суткада өлкөдө COVID-19 илдетинен дарыланып жаткандардын ичинен дагы 2 адам кайтыш болду.

Коронавирус инфекциясынан медицина илимдеринин доктору, профессор, дарыгер-педиатр Абдиманнап Муратов каза болду.

4-июлда Бишкектин 4 районунда бирден медициналык борбор ачылып, алгачкы бейтаптарды кабыл ала баштады. Ал эми Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадиону бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн берилери маалым болду.

Бишкекке Түркиядан 237, ал эми Ошко Москвадан 148 Кыргыз жараны кайтып келишти.

Өзбекстан 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүктү Кыргыз өлкөсүнө жөнөттү.

Пандемия шартында дары-дармектердин баасын кыйла жогорулатып жибергендердин тизмеси түзүлгөнүн саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымдады. Тизме республикалык штабга жөнөтүлдү.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду, 19-июнду, 20-июнду, 21-июнду, 22-июнду, 23-июнду, 24-июнду, 25-июнду, 26-июнду, 27-июнду, 28-июнду, 29-июнду, 30-июнду, 1-июлду, 2-июлду, 3-июлду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
hbbtv
2020-07-05 06:44:08
Тик-ток
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан