Санкт-Петербург шаарында каза болгондордун сөөгүн убактылуу сактоо үчүн 8 контейнер-муздаткыч орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Петербургдун вице-губернатору Олег Эргашевдин басма сөз кызматчысы контейнер-муздаткычтар 7 оорукана жана бир крематорийдин жанына орнотулгандыгын айткан. "Бул алдын алуу десек болот. Азыркы учурда контейнер-муздаткычтардын кереги тийген жок. Алар колдонулбай, жабык бойдон турат. Биз коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалды ар жактан карап, даяр болушубуз керек. Бул кырдаал курчуп кеткенге даярдалган резерв", - деген басма сөз кызматынын өкүлү.