Жол-куруучу компаниялар ассоциациянын президенти Мирлан Исраилов пневмониядан каза болду

Кыргыз Республикасынын жол-куруучу компаниялар ассоциациянын президенти Мирлан Исраилов пневмониядан каза болду. Ал 13-июлда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде кайтыш болгонун аталган мекемеден кабарлашты.

"Мирлан Исраилов 27-июндан бери аталган илдет менен күрөшүп жаткан. Ал 48 жашта эле. Артында жубайы, бир кызы жана бир уулу калды. Орду толгус чоң жоготууга учурадык. Кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө бардык жолчулардын атынан көңүл айтабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Мирлан Исраилов 1972-жылы 21-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулуп өскөн.

1989-жылы Балыкчы шаарынын Саякбай Каралаев атындагы орто мектебин артыкчылык менен аяктаган. Ошол эле жылы Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш иштери боюнча катчы кызматына орношкон.

1990-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетине тапшырып, 1993-жылы ошол эле университеттин юридикалык факультетине которулуп 1997-жылы жогорку билимге ээ болгон.

1996-жылы Балыкчы шаарында жеке ишкер болуп катталып, иш жүргүзө баштаган.

2006-жылдан 2010-жылга чейин Кант шаарындагы “Теплоснабжение” мекемесинде складдык тейлегич болуп иштеп келген.

2011-жылы “Чу Прокси” жоопкерчилиги чектелген коомдо коммерциялык директор кызматын аткарып,
2016-жылдан баштап "Чу Прокси" жоопкерчилиги чектелген коомдо башкы директордун кызматын бүгүнкү күнгө чейин ээлеп келген.

Мирлан Исраилов өлкөдөгү жол куруучу компаниялардын башын бириктирип, 2019-жылы ассоциация түзгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolik777
2020-07-15 18:49:08
Арты кайырлуу болсун! Жаткан жери жайлуу болсун. Жакшы адам болчу. Оз кучу, ак эмгеги менен которулгон инсан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан