Интернет колдонуучу блокпостто милиция кызматкери менен жарандын чырын чагылдырган видео жайгаштырды. Андан жарандын "жолду ач, мени өткөр ооруканага бара жатам" деп айтып, милиция кызматкери менен пикир келишпестиги орун алганын көрүүгө болот.
Окуянын жүрүшүндө жарандын колунда тиешелүү документтер турганына карабай, блокпостто турган кызматкер аны өткөрбөй койгон. Жарандар менен байланышуу учурунда милиция кызматкери бет капсыз, баш кийимсиз жана колунда тамеки менен жүргөн. Анын кызмат учурунда тамеки чегип турганы туура эмес экенин видеого тартып жаткан адам билдирген.
Окуя боюнча тиешелүү тараптын да пикири жарыяланат.