Акыркы сутка ичинде бул инфекцияны 1 ак халатчандан аныкталганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.
Ал Нарын облусунда иштеген медициналык кызматкер болгон.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 365. Алардын ичинен 265 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.