Бүгүн, 3-майда "Манас" эл аралык аэропортунда Дубай-Бишкек чартердик каттамы менен 180 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди. Бул каттамды "Fly Dubai" авиакомпаниясы ишке ашырды деп маалымдайт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан.
"Коопсуздукту сактоо үчүн бардык жүргүнчүлөр аэропорттун перронунда тейленди, андан соӊ жарандар обсервацияга жөнөтүлдү.
26-апрелде Бириккен Араб Эмирлигинен 178 мекендешибиз чартердик каттам менен өлкөгө алып келинген. Мындан тышкары 10-майга дагы чартердик каттам уюштурулуп, Араб Эмирлигинде калып калган кыргыздарды алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон", - деп кабарлады мекеменин маалымат катчысы.