Бүгүн, 13-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы акыркы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берип жатат.
"Өткөн сутка ичинде облус боюнча 17 адам кармалды. Кармалган жарандар райондук, шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда облуста коомдук саясий жана криминогендик абал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө", - деди комендант.