Германияда карантин шартында массалык дискотека уюштурулду (видео)

"Карантин маалындагы бий" деген аталыштагы акциянын алкагында Германиянын Шютторф шаарында масштабдуу дискотека болуп өткөнүн чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта бий кечеси автоунаалардын жардамы менен өткөнү айтылат.
"Уюштуруучулардын эрежесине ылайык, дискотекага автоунаанын ичинде отуруп катышуу жана бир автоунаада 2ден ашык адам болбосун деген талап коюлган. Ошентип белгиленген саатта катышуучулар атайын даярдалган аянтчага келишти.

Дискотека 3 сааттан ашык жүрдү жана аны мыкты диджейлер тейлеп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулай алышты. Кеченин уюштуруучулары мындай жол менен изоляцияда отурган шаар тургундарынын көңүлүн көтөрүп коюуну максат кылганын айтышкан. Эксперименталдуу дискотека ийгиликтүү өттү. Тартип бузгандар да болгон жок"
, - деп жазылат маалыматта.
"Унаалар бийлегенде" Германияда карантин шартында массалык дискотека уюштурулду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rafo80
2020-05-04 14:39:24
Кана видеосу?
0
Mirlan27011987
2020-05-04 15:20:10
Эн сонун. Дискотекага кобуроок барып бийлеп тургула. Ден соолука пайда.
0
Omar.
2020-05-04 15:29:33
Mirlan27011987, бийлесеңер бийлей бергиле, шайтанды жыргатып)))
+1
mirlanpiter
2020-05-05 10:00:29
Айн швайн драйн,гуд гуд суудан жут
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан