Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 1398 жарандан аныкталды. Республикалык штабдын статистикалык маалыматына ылайык, ооруну жуктургандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды.
Бишкек шаары - 773;
Ош шаары - 67;
Чүй облусу – 177;
Ош облусу - 73;
Талас облусу - 11;
Нарын облусу - 15;
Ысык-Көл облусу – 52;
Жалал-Абад облусу – 111;
Баткен облусу - 119.
Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 143 миң 668 болду.