Эртең, 9-июндан тартып Москвада карантиндин айрым тартиптери алынат. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, обочолонуу, электрондук өткөрмө уруксаттарын алуу, уруксат берилген убакытта гана сейилдөө өңдүү эрежелер жокко чыгарылат. Борбор шаардын коомдук палатасынын төрагасы Константин Ремчуков бир аптадан кийин шаардагы кафелер, жайкы кафелер да иштей баштарын айткан.
Москвага карантин режими 29-мартта киргизилген. Көптөгөн жайлар, мекемелер ишин токтотуп, адамдар обочолонууга милдеттендирилген. 12-майдан баштап кайрадан айрым эрежелер жумшартылып, 2-этабы 1-июнда болгон. Анда калкты тейлөө жайлары, кийим кече дүкөндөрү иштеп, элге белгиленген саатта сейилдөөгө уруксат берилген.