Өз алдынча жана иргебей антибиотиктерди колдонуу адамдын иммунитетин начарлатат. Бул тууралуу адистер айтканын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Антибиотиктер өзүнүн терс касиеттери менен иммундук системди жок кылат. Вирустар алардын жардамы менен өлбөй тургандыгын эстен чыгарбоо керек. Антибиотиктер менен бактериялык гана оорулар дарыланат", - деп билдиришкен адистер.
Аталган заттар иммунитеттин өзгөчө бөлүгү болгон организмдин микрофлорасын жок кылат. Ошондой эле антибиотиктерди көп колдонуу патогендердин аларды тоготпой калышын шарттайт.