Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңишбек Жоробеков жана шаар мэри Мураталы Тагаев маалымат жыйын беришти (хронология)

Бүгүн, 9-апрелде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев маалымат жыйын берүүдө.

2020-04-09 13:35:00

"Ар бир ийгиликтин башаты бул тартип. Санитардык нормаларды аткарып, эрежелерди сактасак илдетти жеңебиз", - дейт Жоробеков.

"Кыйын кырдаалда элди колдоп, муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү уланат. Кичине кечигип жаткан болсок, сабыр кылыңыздар. Биздин кызматкерлер физикалык жактан жетишпей калып жатышат. Бир дагы муктаж болгон үй-бүлө жардамы жок калбайт", - деп билдирди шаар мэри.

 

2020-04-09 13:33:00

Суроо: Жаз мезгили келгендиктен мал-жанды жайлоого кетириш керек, жарандарда бул жаатта маселе жаралбайбы, анткени алар посттордон өтүшөт да?

Комендант: "Бул жаатта маселе жок, жарандар атайын уруксат кагазын алып, малдарын тийиштүү жакка айдап кете берсе болот".

2020-04-09 13:32:00

Суроо: Карантин апрель айынын аягына чейин созулат деп жатышат бул чындыкпы?

Комендант: "Бардыгы биздин өзүбүздөн көз каранды. Биз канчалык мыйзамга баш ийип, айтылган нерселерди аткарсак ооруну ошончолук бат жеңебиз. Карантин өз убагында бүтөбү же дагы уланабы айтуу кыйын".

2020-04-09 13:25:00

Суроо: Сиздер өзүңүздөрдү кандай коргоп жатасыздар, вируска тест тапшырдыңыздарбы?

Мэр: "Гигиенаны сактап, бет кап тагынып, адамдар менен болгон аралыкты сактап иш алып баруудабыз. Мен тест тапшырган жокмун. Ден соолугум жакшы".

"Кызматкерлерибиз санитардык нормаларды сактап жатат. Тест тапшырган жокпуз. Бизге кабатыр болгон жарандарга рахмат", - деп билдирди комендант.

2020-04-09 13:20:00

Суроо: Азык-түлүк кымбаттап жатат кандай чараларды көрүп жатасыздар?

Мэр: "Шаардагы бааларды көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүлүп жатат. Бирок айрым жерлерде баалар кымбаттап кеткен учурлар катталып жатат. Жарандар факты менен кайрылышса чаралар көрүлөт".

2020-04-09 13:16:00

Суроо: Өлүм айтпай келет дейт, азыркы учурда деле маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүп жатышат деп угуп жатабыз.

Комендант: "Маркумду акыркы сапарга узатуу атайын көрсөтүлгөн жобо менен гана болуп жатат. Көп адамдардын чогулушуна жол берилбей эле. Айрым жаназаларга өзүм да күбө болуп катышып жатам. Азыр бардыгы мыйзам боюнча болуп жатат".

2020-04-09 13:14:00

Суроо: Унаасы барларга жардам жок деп жатышат. Жумушсуз үйдө отурган адамдар кандай күн көрөт?

Мэр: "Азыркы тапта мэриянын алдындагы штаб атайын тизмедеги гана эмес, жумушсуз үйдө отуруп калган жарандарга да жардам берип жатабыз. Сабыр кылып күтө туруңуздар."

2020-04-09 13:12:00

"Гуманитардык жардамдар атайын каттоодо турган жарандарга берилүүдө. Атайын комиссия тизмени карап көрүп, муктаж болгон адамдардын үйлөрүнө жеткирип берүүдө", - дейт шаар мэри.

2020-04-09 13:10:00

«Өткөн суткада коменданттык саат ичинде саат 20:00дөн саат 07:00гө чейин Жалал-Абад облусу боюнча 24 адам кармалды. Анын ичинен Жалал-Абад шаарында – 3, Сузак району боюнча – 21 адам. Жалал-Абад облусу боюнча 15 кылмыш иши катталып, анын ичинен коменданттык саат киргизилген аймакта – 6 кылмыш иши ачылды. Профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда 64 унаа айып короосуна киргизилди. Учурда коомдук, саясий жана криминогендик абал туруктуу», - деп билдирди Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан