5-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 135 жаран жеткирилди.
Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 4 унаа киргизилди.
Бишкек шаары – 110;
Ош шаары – 11;
Жалал-Абад шаары – 8;
Ат-Башы району – 6.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4 миң 415 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.