Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мал базарынын иштебей калганы тургундардын ишмердүүлүгүнө бир топ кедергисин тийгизип жатат, мал базарды иштетүү шарттары жокпу, качан толук кандуу ишке кирет? Мындай суроо бүгүн, 15-майда Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаровго берилди.
"Ооба, бул мал базардын иштебей жатканы Ат-Башы районундагы эле эмес башка облус, райондордогу фермер, ишкерлердин да ишин артка тартууда. Себеби бул ири мал базарлардын бири болгондуктан, Чүй облусунан бери келип, соода жүргүзүп кетишчү. Бирок коронавирус жалпы дүйнө жүзүнө келген оору болду, андыктан биздин райондун тургундары да мал базардын, башка жайлардын иштебей жатканын туура түшүнүп турушат. Бул маселелер республикалык деңгээлде чечилет деп ойлойм. Жакын арада эле ишке кирет деп айта албайм", - деди аким.