5-майга карата өлкөдө коронавирус менен ооругандардын ичинен бир бейтап каза болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн өткөн маалымат жыйында билдирди.
Каза болгон жаран 69 жашта болгон, ал Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жаткан.
"Маркумдун кызы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштейт. Бирок кызынан коронавирус аныкталган жок. Вирус бейтапка контакттык негизде жеткен. Маркумга пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагнозу коюлган. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу", - деди ал.