Сокулукта Өзгөндөн жүк ташуучу унаага жашынып келген 3 аял кармалды

Бүгүн, 4-апрелде Сокулук айылына Ош облусунун Өзгөн шаарынан жүк ташуучу унаанын ичине жашынып, 3 аял келген. Бул тууралуу Чүй облустук администрациясынан билдиришти.

"Азыркы тапта өзгөчө абалдын тартиптерин бузуп келген аялдардын жоопкерчилиги каралууда. Айдоочунун жоопкерчилиги дагы каралат. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Толук маалымат кийин берилет", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кармалгандардан анализдер алынып жатат, андан соң алар үй карантинине жиберилет. Айта кетсек, жүк ташуучу автоунааларга атайын уруксат кагазы жок эле өлкө ичинде жүрүүгө уруксат берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Asman779
2020-04-04 19:11:39
Ушундай адамдарга тан каласын, булар жашынып алып элди алдап атабы же оздорун алдап атабы.
+8
Omar.
2020-04-04 19:12:26
Эркеги деле аялы деле сөзгө баш ийбеген кулагы жок эл болдук го, жатпайбы нары үйлөрүндө. Тиргилик бир эле силерге керек болгонсуп бүт Кыргыз элинин тиргилиги токтоп турат го.
+11
katerina.li
2020-04-04 20:06:08
Мээси жоктор. Вирус ушинтип тарай берет. Ар кайсы жактан качып Бишкеке келе берсенер
+5
Gsuita
2020-04-04 20:10:33
Камап салса анан башкасы ойлонот эле.
+5
Usow
2020-04-04 20:37:00
Бут дуйнонун машакаты ушул 3 катындын башына тушкон окшойт да байкуштар элдерден бекинип иш кылып калыптыр.
+5
Aliya2015
2020-04-04 20:42:30
Чуйдо бок барбы. Эмне эле Чуйго качып келип жатасынар. Оору буткучо курттабай отуруп тургулачы
+3
Farra16gsin
2020-04-04 20:50:19
Мен аймак аймака бөлбөйм ар бир регионубуз ар түрлүү керемет жерлер бирок таң калам эмнегеле чүйгө келе беришет ошол жакта деле оокат өткөрсө болотко бөлөк өлкөнүн жарандарына жерлерин тарттырып өздөрү жер которуп жүргөндөргө эмнеге деп суроо бергим келет?
-6
AksyKum
2020-04-04 21:19:31
Farra16gsin,эмнеге Россияга барышат Кореяга,Америкага барышат иштегени Америка Кореялыктар неге башка жакка барат иштегени ошол жакта деле оокат откорсо болотго
+9
tasnim
2020-04-04 21:10:06
Мындайлар толтура болуп атбайбы?бекинип отушкондор,
+3
algakaray
2020-04-04 22:30:25
Водитель куноолу биринчи очередь.
+5
muras111211
2020-04-04 22:36:42
Айдоочуну кошо жоопко тартыш керек.
Макул болуп жүктөп келди ал учоон.
Алар өздөрү эле унаага чыгып алышкан жок.
Умрадан,чет өлкөдөн келгендер жашынып өтөбүз дешип жыйынтыгы эмне болду.
Ыйык жерден келдик обсервацияга жаткырбай эле койгула тазабыз дешип,кыргызчылык кылып коюшкан.
+3
Arstan18.18
2020-04-05 00:16:29
Катуу жаза керек ушунчада кенебес эл болобузбу
+2
bibi87
2020-04-05 10:03:05
Водителди камап салыш керек,штрафты салыш олчойтуп, анан башка айдоочулар ойлонуп калышат. 30 мин сом салып жарыялап койсо, калп эле чара колдонобуз дей бербей
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан